МАХМУТОВА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
20:13, 1 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАХМУТОВА Мехри (Мариям) (8. 3. 1920, Фрунзе - 25. 4. 1989, ошол эле жер) - опера ырчысы

(меццо-сопрано), Кыргыз ССР эл арт. (1946). Чыгармачылыгын 1938-жылы респ. эл чыгармачылыгынын 1-олим­пиадасына катышуудан баштаган. Кыргыз искусствосу менен адабиятынын Москвада өт­көн он күндүктөрүнө (1939, 1958) катышкан. 1940-жыл­дан Кыргыз опера жана балет театрынын солисти. 1941- 42-ж. Фрунзеде ачылган

Москва консерваториясынын улуттук студия­сында, 1949-50-ж. Москва консерваториясын-

М. Махмутова - Кар­мен. Ж. Бизе. «Кар­мен» операсы.

да окуган. М. чыгармачылыгында 41 операнын баш­кы партияларын, дүйнөлүк, орус, кыргыз ком­позиторлордун ондогон ырларын, романстарын аткарган. М. диапазону кенен кооз тембрлүү үнү менен айырмаланат. Көрүнүктүү партиялары: Ажар, Чачыкей, Ороңгу (В. Власов, А. Малдыбаев, В. Фере, «Алтынкыз», 1937; «Айчүрөк», 1940; «Манас», 1946), Барсана (Н. Давлесов, «Аста-се­кин колукту», 1971) ж. б; классикалык опера­лардан: Кармен (Ж. Бизе, «Кармен», 1949), Оль­га, Графиня, Морозова (П. Чайковский, «Евге­ний Онегин», 1942; «Карганын маткеси», 1950; «Опричник», 1958), Мнишек (М. Мусоргский, «Борис Годунов», 1971) ж. б. КМШ өлкөлөрүнүн ш-ларында, чет өлкөлөрдө гастролдо болгон. Ле­нин, «Ардак Белгиси», Эмгек Кызыл Туу орден­дери, медалдар менен сыйланган.