МАТОЧКИН ШАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
21:09, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАТОЧКИН ШАР - Жаңы-Жер архипелагын­дагы Түндүк жана Түштүк а-нын аралыгындагы кы­сык, Баренц жана Кара (Карск) деңиздерин ту­таштырат. Узундугу 98 кмдей, эң кууш жери 0,6 км, эң тайыз жери 12 м. Жылдын көп мезгилинде муз каптап жатат. Жээгинде Маточкин Шар, Столбовой кыш. жайгашкан.