МИРОШНИЧЁНКО
МИРОШНИЧЁНКО Николай Прокофьевич [20. । 10. 1920, Ставрополь крайы, Петровск кыш. \азыркы Светлоград ш.) - 8. 4. 1945, Чыгыш Пруссия] - Советтер Союзунун Баатыры (1945), гвардиянын улук лейтенанты. Фрунзе коммуналык-курулуш окуу жайын жана аэроклубун, Чкалов ш-ндагы учкучтардын аскердик авиация мектебин бүткөн. 1940- жылдан Советтик Армияда. 1942-жылдын июнь айынан Улуу Ата Мекендик согушка катышып, Ленинград, Беларус фронтторунда салгылашкан.

34-гвардиялык бомбалоочу авиациялык полктун эскадрильясынын (З-Беларус фронту, 1-аба армиясы, 276- бомбалоочу авиациялык полк) командири. 1945-жылдын март айына чейин 160 согуштук учуш жасап, душмандын согуш объектилерин, т. ж. станцияларын, аскерлерин жана техникасын жок кылган. Ленинградды курчоодон бошотушуп, Ленинград обл-н, Советтик Карелияны, Советтик Эстонияны душмандан тазалашкан. Чыгыш Пруссияда немистердин коргонуусун бузууга, Кёнигсберг - Браунсберг районунда душмандын курчоого алынган тобун жок кылууга көмөктөшкөн. Согуштук тапшырма аткарууда курман болуп, сөөгү азыркы Калинин обл-ндагы Пушкин кышна коюлган. Ленин, Кызыл Туу, Александр Невский, Кызыл Жылдыз, 1-даражадагы Ата Мекендик Согуш ордендери менен сыйланган. Светлоград ш-нда бюсту орнотулган. Москва р-нундагы Садовое мектебине ысмы ыйгарылган.