МИРЗАМАТОВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
20:10, 1 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МИРЗАМАТОВ Рысбек Мамырович (13. 3. 1962, Ош обл., Ноокат району, Баргы айылы) - гене­рал-майор (2010). Афган согушунун катышуу­чусу (1985-86). Ташкент ш-ндагы Жалпы ко­мандалык жогорку аскер окуу жайын (1983), КУУну (1997) бүтүргөн. 1983-85-ж.

Иолатан (Түркмөнстан, Ма­ры обл.) шаардык аскер бө­лугүндө взвод командири, 1986-87-ж. Ош ш-ндагы мо­тоаткычтар тоолуу бригада­сында рота командири, 1988- 90-ж. Урал облусунда (Казак­стан) Чапаев р-ндук аскер комиссарынын орун баса­ры, 1990-99-ж. Чаткал, Араван, Кара-Суу р-ндук аскер комиссарларынын орун басары, аскер ко­миссары, 1999-2002-жылы Ош обл. аскер дивизио­нунда штаб начальниги, командирдин орун ба­сары, 2002-07-ж. Ош шаардык, Жалал-Абад обл.

аскер комиссары, 2008-жылы КР коргоо министри­нин орун басары, 2008-11-ж. КР чек ара кыз­матынын төрагасынын орун басары болуп иш­теген. Эрдик, Даңк медалдары менен сыйланган.