МИҢБАЕВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:09, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МИҢБАЕВ Баркы (12. 7. 1930, азыркы Жалал­Абад обл., Аксы району, Кара-Суу кыш. - 20. 10. 1997, Жалал-Абад обл., Аксы району, Чалдыбар кыш.) - экономист, экономика илимд; доктору (1994), проф. (1978), Кыргыз ССРнин эмг. сиң. экономисти (1981), КМУну бүтүргөн (1952). Ош педагогикалык институтунда окутуучу, улук окутуучу, до­цент (1953-66). КПСС БКга караштуу Ташкент жогорку партиялык мектебинде доцент (1966-96), ЖАМУда проф., кафедра башчысы (1996-97) болуп иштеген. 40тан ашуун илимий эмгектин (анын ичинде 2 монография) автору. Эмгектери кошумча про­дукт өндүрүүгө жана аны бөлүштүрүүгө арналган. Туулган айылындагы мектепке ысмы берилген.

Эмг.: Колхоздун кошумча продуктусун бөлүштүрүү. Ф., 1973; Производство и распределение колхозного прибавочного продукта. Таш., 1985; Кооперация: вчера и сегодня. Таш., 1995.