МИКРОКЛИМАТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
20:10, 1 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МИКРОКЛЙМАТ (микро... жана климат) - 1) чакан аймактагы (токой арасындагы ачык талаа же токойдун чети, суунун жээги, шаар аянты ж. б.) жер бетине жакын абанын жергиликтүү климаты. М-ка жер бетинин түзүлүшү, аба ыра­йынын өзгөчөлүктөрү таасирин тийгизет. А. ч. өсүмдүктөрүн жайгаштырууда, ошондой эле ө. ж. жана жарандык курулуштарды курууда М-ты эске алуу зарыл; 2) жергиликтүү климаттын кандайдыр бир тибинин ичинде метеорол. режимдин айырма­чылыгы; 3) сырткы ыңгайсыз чөйрөдөн коргоо жана жайлуу шарт түзүү үчүн жабык жайларда (үйлөрдө) түзүлгөн климат.