МИЗИДАЛАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
20:10, 1 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МИЗИДАЛАР (Музхбасеа) - татаал түзүлүштүү рактар түркүмү. Дене Узундугу 0,5 сладен 2,5 смге (те­рендегилери 37 смге чейин). Сыртынан майда креветкаларга окшош. Карапаксы (чопкуту) 3- көкүрөк сегменти менен биригип өскөн. Бир жуп бут жаактуу, көкүрөк буттары эки ача. Жумурт­касын көкүрөгүнүн астындагы баштыкчасында алып жүрөт. Тез өөрчүйт. М-дын 500дөй түрү көбүнчө деңизде, бир азы mysсуз сууда, 7 км те­реңдикке чейин жашайт. Балык жеми.