МИДИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
20:10, 1 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МЙДИЯ (МиШиз) - кош капкалуу моллюска­лардын МуШИае тукумунун уруусу. Раковина­сы сүйрү шынаага окшош, кочкул кызгылт көк, көк, күрөң жана саргыч түстө, Узундугу 20 смге жетип, ич жагы акактай кубулуп турат. Жетилгендери бутунун кыймылдоо функциясын жоготуп, бири-бирине же катуу нерсеге жабышып жа­шайт. 3 түрү Түндүк жана Түштүк жарым шардын ме­лүүн сууларында кездешет. М. тамак катары ке­ңири пайдаланылат. Өтө тукумчул, 5-12 млнго чейин жумуртка таштайт. Майда планктон жан­дыктары жана детриттер менен азыктанат. Суунун mysдуулугунун жана температурасынын өзгөрүүсүнө чыдамдуу. Суудан оор металлдарды жана пато­гендүү микроорганизмдерди чогултат. Алардын бермет пайда кылган учурлары да кездешет. Балыктарга жем жана промысел объектиси (эти желет).