МЕТАМОРФИЗМ
МЕТАМОРФЙЗМ (грекче теЪатбгрЬбота! - өзгөрөм), тоо тектердин метаморфизм и - жер кыртышынын тереңдигиндеги темпра, басым, флюиддердин (жеңил учуп кетүүчү компоненттер) таасиринен тоо тектердин түзүлүшүнүн, текстурасынын, минералдык жана химиялык курамынын олуттуу өзгөрүү процесси. Терминди илимге англ. геолог Ч. Лайель 1883-жылы киргизген. М. процессинде тоо тектер балкып эрибей эле кристаллдык түзүлүштө өзгөрүүгө дуушар болот. Жер бетинде болуучу ныкталып тапталуулар, камдашып биригүүлөр, диагенез процесси, талкалануу кубулуштары М. процессине кирбейт. М. процессин пайда кылуучу факторлорго өтө жогорку температура, туш тараптан кысуучу күчтүү басым жана магманын курамындагы флюиддер кирет. Фациялар пайда болот. Фация метаморфизмделген тоо тектерди изилдөөдө жана топторго бөлүүдө негизги ролду ойнойт. Көпчүлүк учурда М. процессинен тоо тектеринин химиялык курамы өзгөрбөйт (изохим. М.), кээде бир аз өзгөрүүгө дуушар болот (аллохим. М.) же өтө күчтүү өзгөрүүгө учурайт (метасоматоз). М. процесси чоң аймакты кучагына алса, региондук М., ал эми интрузиялардын чет тарабындагы ичке тилкелерде жүрсө, контакт М-и деп аталат. Жер кыртышынын өнүгүү тарыхындагы тектоникалык циклдин ичинде бир нече М. процесси болот. Алар өз ичйнен гранит магмасы пайда болгон мезгилге жараша гранитке чейинки, гранит менен бирге жүрүүчү М. деп ажыратылат. Мындан тышкары тоо тектердин деформацияга учуроо мезгилине карай статикалык (деформация боло элек учурда) жана
синкинематикалык (деформация менен бирге) түрлөргө бөлүнөт. Булардын физикалык-химиялык, геол. шарттары түрдүүчө болот. Температура менен басымдын көтөрүлүшүнөн келип чыккан өзгөрүүлөр прогрессивдүү, төмөн түшкөндөгүсү регрессивдүү М. деп аталат. М. процессинен филлиттер, кристаллдуу сланецтер, жашыл түстүү актинолит-хлориттүү сланецтер, амфиболиттер, эклогиттер, кварциттер, мраморлор, роговиктер ж. б. пайда болот. М. процессинен ар кандай кен байлыктар келип чыгат. Алар метаморфоген кендери деп аталат.
Ад.: Елисеев Н.А. Метаморфизм. 2-е изд., М., 1963.