МЕТАЛЛ КОРРОЗИЯСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:09, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МЕТАЛЛ КОРРОЗИЯСЫ - чөйрөнүн химиялык жана электр-химиялык таасиринин натыйжасында металл­дардын бузулушу. Коррозия учурунда чөйрөнүн бир же бир нече компоненттери калыбына ке­лип, металл же материалдын металлдык ком­поненттери кычкылданат. Эгерде чөйрө өткөрүм­дүүлүккө ээ болсо, анда реакция электр-химия (окистенүү - аноддук процесс, калыбына келүү - катоддук процесс) болот, анын ылдамдыгы электр-химиялык кинетиканын закон ченемдүү­лүктөрүнө баш иет. Металлдын бетинин ар түрдүү бөлүктөрүнүн коррозиясы чөйрөгө жараша, ме­таллдын бетинин химиялык же физикалык бир тектүү эме­стигинин натыйжасында бирдей болбойт. Эгер­де пассивдүү металлга активдештирүүчүлөрдү (Мисалы, С1 иону) таасир этсе, анда питтинг кор­розиясы пайда болот. Куймалардагы кристалл аралык бөлүнүү менен байланышкан кристалл ара­лык коррозия өтө коркунучтуу, анткени ал ме­таллдардын ширетип бириктирилген жерлерин бузат. Агрессиячыл чөйрөнүн мүнөзүнө жараша М. к. атм. сырткы беттик, химиялык, электр-химиялык, ички кристаллдык ж. б. болуп бөлүнөт. Химиялык коррозия металл менен агрессиячыл чөйрөнүн өз ара аракетинен болот. Мындай чөйрөгө аба, кычкылтек, нефть, керосин ж. б. заттар кирет. Абадагы кычкылтектин жана суунун таасиринен металл буюмдарынын сырткы бетине металл окистеринен турган дат пайда болот. Абадагы азот окиси, күкүрт, хлордуу суутек ж. б. газ ара­лашмалары бар ө. ж-луу шаарларда атм. кор­розия күчөйт. Коррозияга чалдыккан металлдын катуулугу, ийкемдүүлүгү ж. б. баалуу сапатта­ры төмөндөп, жараксыз болуп калат. Электро­литтердин (mys, кислота жана негиз эритмелери) ме­таллдарга тийгизген таасири электр-химиялык кор­розия болот. Электролиттердин эритмесинде металл менен эритменин ортосунда өз-ара тең сал­мактуу реакция жүрөт. Эгерде эритмедеги ме­талл иону менен чөйрөнүн өз ара аракетинен пай­да болгон бирикме эригич болсо, металлдын бу­зулушу андан ары уланат, эрибей турган зат пай­да болсо, үстүнкү бети жука кабыкча менен кап­талып, металлды андан ары бузулушу азаят же такыр токтойт. Мисалы, алюминий жука кабык­ча менен капталгандыктан, атм. коррозияга ту­руктуу болуп калат. М. к-нан жылына металл запасынын 1,5-2% и бузулат. М. к-на каршы негизги чаралар: агрессиялуу чөйрөдө иштөөчү жабдуу, машина материалдарын туура тандап алуу, металл куймаларынын жана агрессиячыл чөйрөнүн курамында атайын коррозияны азай- ТУУЧУ заттарды кошуу, металл беттерин ата­йын сыр, лак менен сырдоо ж. б. чараларды жүр­гүзүү.