МЕССА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:09, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МЕССА (латынча missio - бошотом, жиберем) - католиктердин чиркөөдө кудайга сыйынуу ада­тынын музыка менен ишке ашырылуучу эң не­гизги салты, православныйлардын литургиясы­на окшош. М-да башкы роль музыкага жүк­төлгөн. М. - ординарийден (күндө колдонулуу­чу бөлүктөрү) жана пропорийден (диний майрам­дарда гана аткарылуучу бөлүктөрү) турат. М. адатта ырдалат. Аз гана бөлүгү үндү кыраатын келтирип окулат. О. кылымдарда М-га кирген ырдоолор бир үндүү болгон. Кийинчерээк бир эле композитор тарабынан жазылып, кайра иште­лип чыккан көп үндүү ырдоо жана алардын бүтүндөй бир циклдери пайда болгон. М-нын не­гизги түрлөрү: реквием (сөөк коюуга арналган муңдуу М.), кыска М. жанахордук М. 17-18-к-дан тартып М. концерттик музыка жанрына айлан­ган. М. И. С. Бахтын си минор М-сы, Л. Бетхо­вендин «Салтанаттуу мессасы» ж. б. чыгарма­лар сыйынуу музыкасынан башка концерттер­де да аткарылат.

Ад.: Холопов Ю Н.. Месса//Григорианский хорал. М., 2008.