МЕРКЕЛЬ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:09, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МЕРКЕЛЬ Ангела Доротея (17. 7. 1954-жылы туулган, Гамбург ш.) - германиялык мамлекеттик жана саясий ишмер. 1978-жылы Лейпциг университетин бүтүргөн. Квант­тык химия боюнча докторлугун (1986) жактаган. 1978-90-ж. Берлинде Германия Демокр. Респ­касынын (ГДР) ИАсынын Физика-химия ин­тунда иштеген. 1989-жылы чейин Германия социалисттик бирдиктүү партиясы - Немецтик эркин жаштар союзунда, 1989-жылдан оппозицияда. 1990-жылы марттан ГДРде «Германия үчүн альянс» бирик­месинде [«Демокр. жирөө», Германиялык со­циалдык союз, Германия христиан­демокр. сою­зу (ГХДС)] жетекчилик кызматта. 1990-жылы ав­густтан ГХДСке (1990-жылы октябрда ГФРдин христиан-демокр. союзуна бириккен) мүчө, 1993-жылы анын төрайымы. 1990-жылы декабрдан бун­дестагга депутат. 1994-98-ж. Г. Колдун өкмөтүн­дө федералдык министр, 2000-жылдан жалпы германдык ХДСтин төрайымы. 2005-жылы бундес­тагга шайлоодон кийин «чоң коалициянын» (ХДС/ХСС - Германия социал-демокр. партия­сы) өкмөт башчысы. Дүйнөлүк финансы кризи­синин шартында М. өлкөнүн банктарында сак­талган бардык депозиттерге мамлекеттик кепилдик бе­рип, банк чөйрөсүндөгү абалды турукташтырып, германиялык ө. ж-ды, биринчи иретте автомо­биль куруу тармагын сактап калууга жетишкён. М-дин партиясы 2009-жылы бундестагга шайлоодо жеңип, кайрадан ХДС/ХСС - Германия социал­демокр. партияларынын коалициялык өкмөтүн жетектеген. М. европалык интеграцияны, НАТОдо өнөктөштүк мамилени өнүктүрүүнүн жана Рос­сия менен кызматташтыкты чыңдоонун жактоо­чуларынан.