МЕРИСТЁМА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:09, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МЕРИСТЁМА (грекче meristos - бөлүнүүчү) - өсүм­дүктөрдүн бөлүнүү жана жаңы клеткаларды пай­да кылуу жөндөмдүүлүгүн узакка сактаган тү­зүүчү тканы. Өсүмдүктүн же анын органынын тыным абалынан башка мезгилинде М. клет­калары тынымсыз бөлүнүп турат. Натыйжада өсүмдүк өсүп, массасы чоңоёт. Пайда болгон клеткалардын кээ бири өсүп, белгилүү өлчөмгө жеткенден кийин дагы бөлүнүп, М-лык клетка бойдон калат, көпчүлүгү туруктуу ткандардын (жабуучу, механикалык, өткөргүч, негизги ж. б.) клетка­ларына айланат. Татаал түзүлүштүү өсүмдүктөр­дө чоку жана каптал М. болот. Чоку М. сабак менен тамырдын узунунан өсүшүн камсыз кылат. Каптал М. камбий клеткаларынын бөлүнүшү­нөн өсүмдүк жооноюп, туурасынан өсөт.