МЕНТАЛИТЕТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
20:10, 1 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МЕНТАЛИТЕТ, менталдуулук (фр. mentalité - ойлоо мүнөзү, акыл, рухий түзү­лүш) - тигил же бул адамдар тобунун (этнос, улут, эл) саясий жана социалдык реалдуулук ар­кылуу калыптанган өзгөчө көз карашы (акыл түзүлүшү); дүйнө көрүнүшүнүн бүтүн мүнөзүн түзгөн жана маданий салттардын, коомдоштук­тун, топтун, инсандын социалдык, биол. шарт­талган жалпылык биримдигин бекиткен ойлоо мүнөздөрүнүн, ыкмалардын, акыл түзүлүштөрү­нүн, дүйнө кабылдоосунун, рухий көндүмдөрү­нүн, ишенимдеринин, жан дүйнөсүнүн бирдиктүү бүтүн жыйындысы (мисалы, кыргыз М-и, орус М-и ж. б.). М. жашоо-турмуштун бардык чөйрөсү, социалдык курамы, маданий салты менен тыгыз, эриш-аркак байланышта калыптанат. Адам өзү инсан катары маданий-тарыхый динамиканын кыйын түйшүгү менен аныкталуучу булагы жана аң-сезим жаратуучу булагы катары М-ти тыным­сыз калыптандырып, өнүктүрүп турат. М. кол­лективдүү аң-сезимди мүнөздөйт. Бул мааниде ойлоонун өзгөчө тиби элестелет. Конкреттүү ин­дивиддин тигил же бул кубулушка, көрүнүшкө баа берүүсүндө анын мурдагы тажрыйбасы, маа­нилүү айкын ойлору, кызыкчылыктары, эмо­циялык эс-тутумдары таасир берет. Ошондук­тан М. адамдардын табигый белгилеринен жана социалдык шартталган компоненттеринен жа­ралган жалпылоочу түшүнүк болуп, адамдардын жашоо-турмуш, дүйнө жөнүндөгү элестөөлөрүн даа­на ачып көрсөтөт. Адамдардын айлана-чөйрөнү таануу көндүмдөрү, ойлоо схемалары (өз-ара бай­ланышкан маанилүү ой белгилери), мүнөздүү комплекстери М-те өздөрүнүн маданий рухун, интеллектуалын айкын көрсөтөт. М. коомдогу идеология, баалуулук, маданий багыттар, ички руханий абалдар, этаптар, социалдык топтор менен оң, терс мааниде ажырагыс байланышкан. Мисалы, улуттук М., бюрократтык М., тоталитар­дык М., антикалык М., о. кылымдык М., кай­ра жаралуу доорунун М-ти, капиталисттик М., социалисттик М. деп айтса болот. М. түшүнүгүнүн коом­догу, мамлекеттеги, социалдык чөйрөдөгү, ру­хий дүйнөдөгү орду кеңейип, мааниси, ролу жогорулоодо.

г Т. Эсенгелдиев.