МЕМФИС

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
20:10, 1 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МЕМФИС - АКШнын чыгыш бөлүгүндөгү шаар. Теннеси штатынын түштүк-батышында. Мисси­сипи д-нын оң өйүзүндө жайгашкан. Калкы 663,0 миң [2010; калкынын негизин америкалык африкалыктар түзөт (60%), шаар агломера­циясында 1,3 миллион]. Ири жол тоому. Эл аралык аэропорту (жүк ташуу боюнча дүйнөдө 1-орунда; 2010-жылы 3,9 миллион т) бар. Дарыя порту. 1682-жылы негизделген. 1826-жылдан шаар статусуна ээ. Архитектуралык эстеликтеринен Хант-Фелановдордун үйү (1828), викториан стилиндеги курулуштар сакталган. Шаардын ишкер бөлүгүндө, Мисси­сипи д-нын жээгинде египет пирамидасы фор­масында айнектен салынган үстү жабык спорт майданы (1991, бийиктиги 98 м, 20 миңден ашык орундуу), кафе, ресторан ж. б. эстеликтер бар. Шаарда банктардын штаб-квартиралары, кең­селери жайгашкан. Тамак-аш (соя, эт, а. ч. азыктары), химиялык (анын ичинде шина өндүрүшү), маши­на куруу [пахта жыйноочу, медициналык жабдуулар (не­гизинен ортопедия)], электр-техникалык, жыгаччылык, целлюлоза-кагаз, металл иштетүү ө. ж. ишка­налары иштейт. М-да 40тан ашык илимий борбор­лор (анын ичинде илим жана ден соолук борбору), бир нече ө. ж. компаниялары (анын ичинде фармацевтика, химиялык, медициналык жабдуулар өндүрүшү), агрономия изилдөө борбору ж. б. жайгашкан. Университет, мамлекеттик техникалык институт, бир нече коллеж, калк

китепкана­лары, музейлер, АКШдагы 19-к-ы кытай иск­восунун, коллекциясы, театрлар [анын ичинде опера, «Орфеум» (1890), «Тиэтр Мемфис» (1921), имп­ровизация (2003)], Э. Преслинин «Грейсленд» музей-чарбагы (1982; жылына 600 миңден ашык киши келет) бар. Зоопарк, ботаникалык бак уюшту­рулган. Жыл сайын пахта карнавалы (июнда), барбекю даярдоо боюнча дүйнөнүн биринчилиги (майда), искусство фестивалы (сентябрда) өткөрүлүп турат.