МЕКСИКА ТАЙПАК ТООСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:09, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МЁКСИКА ТАЙПАК ТООСУ Түндүк Америка Кор­дильерасынын ички алкагын түзөт. Басымдуу бөлүгү Мексикада, ошондой эле АКШнын түштүгүндө жайгашкан. Ири бөксө тоолордон жана аны чы­гышынан, батышынан жана түштүгүнөн курча­ган Чыгыш Съерра-Мадре, Батыш Съерра-Мад­ре, Тууралжын Жанартоолуу Съеррадан (мын­дагы негизги аракеттеги жана өчкөн жанартоо­лору: Орисаба, Колима, Попокатепетель, Истак­сиуатль, Парикутин ж. б.) турат. Түндүгү акы­рындык менен Улуу mysдуктөргө жана Колорадо платолоруна өтөт. Басымдуу бийиктиги 1000- 1200 м, эң бийик жери 5700 м (Орисаба жанар­тоосу). Ички бөлүгүн Түндүк Меса жана Борбордук Меса платолору ээлейт. Негизинен акиташ теги, кумдук, мергель тоо тектеринен түзүлгөн; лава жана аллювий-делювий чөкмөлөрү да кездешет. Түстүү жана асыл металлдардын кендери бар. Кли­маты тропиктик, түштүк бөлүгүнүкү Мексика бу­луңунун жайкы пассатынын таасиринен жум­шак, нымдуу, түндүгүнүкү кургакчыл, конти­ненттик. Айлык орт. температурасы 9-14°Сден 15- 20°Сге (минимуму -20°Сге) чейин. Жылдык жаан-чачыны түндүк жана ички аймактарында 200- 400 лоеден, тоолорунун тышкы капталдарын­да 2000-3000 ммте чейин. Түндүгүндө суулары убактылуу агат, ири дарыясы - Кончос. Түштү­гүндөгү дарыялардын суусу мол, көлү көп. Кур­гакчыл түндүгүнүн топурагы жөнөкөй, көбүнчө үбөлөнүүдөн аз өзгөргөн гипстүү жана карбонат­туу катмарлардан турат. Түштүгүндө алар акы­рындап тоонун боз, бозомук-күрөң, тропиктик өскүлөң саваннанын күрөң жана кызыл топурак­тарына өтөт. Тайпак тооонун түштүгүндөгү ба­сымдуу бөлүгүндө жана четки кырка тоолордо тоонун күрөн топурактары басымдуу. Өсүмдүк­төрүнүн 8 минден ашык түрү - эндемиктер. Түн­дүгүндөгү кактус (500дөй түрү бар), агава (140 түр), юкка, тикендүү бадалдар өскөн сейрек то­кой, түштүгүндө кылкандуу өсүмдүктүү жана ака­ция, амарант, индиго ж. б. өсүмдүктөрдөн тур­ган сейрек токойлуу саванна менен алмашат. Түштүк бөлүгүндөгү айдарым капталдарын нымдуу тро­пик токою ээлейт. Деңиз деңгээлинен 1000 м бийиктик­ке чейин жазы жылбырактуу токой (дайыма жашыл эмен, чынар ж. б.) басымдуу. 1000-

2000 м бийиктиктердин аралыгын ээлеген ара­лаш токой жогорулаган сайын ийне жалбырак­туу токой (кызыл жана көк карагай) менен алма­шат. 4000-4500 м бийиктик аралыгына субальп жана альп шалбаасы мүнөздүү. М. т. т-нун айма­гында жалпысынан калк сейрек, түштүк бөлүгүнүн күрдүү өрөөндөрүндө жана чуңкурчактарында Мек­сиканын калкынын жарымына жакыны отуракташкан.

Ад.: Игнатьев Г. М. Северная Америка. Физическая география. М., 1965; Физическая география матери­ков и океанов/Под редакциялык А. М. Рябчикова. М., 1988.