МЕДИНА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:09, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МЕДЙНА [байыркы аты Я с р и б (Ятриб), арабча толук аты - Мединат-Расул-Аллах же Мединат­ан-Наби - «Пайгамбарлар шаары»] - Сауд Ара­биясынын батышындагы шаар. Медина про­винциясынын администрациялык борбору. Оазисте, Кызыл де­ңизден болжол менен 200 км алыстыкта жайгаш­кан. Калкы 1,1 миллион (2010; өлкөдөгү калкынын саны боюнча 4-шаар). Собда-жол тоому. Эл ара­лык аэропорту бар. Шаар калкы негизинен зыяратчыларды тейлеп, бакчачылык менен да алектенет. Диний буюмдарды (теспе, жайна­маз ж. б.) жасоочу өндүрүштөрү иштейт. Король Фахда атындагы басма комплекси (1985; Куранды басып чыгаруучу дүйнөдөгү бирден-бир басма; жылына 10 миллион нуска), металл иштетүүчү, ав­томобиль ремонттоочу, курулуш материалдар (кыш, черепица) ишканалары, карапа жана жы­гач иштетүүчү мастерскойлору, азык-түлүк өн­дүрүшү иштейт. М. - сугатчылык өнүккөн ай­мактын борбору. Башкы азыгы - курма (неги­зинен экспорттолот). Шаар 7-к-дан - мусулман­дардын зыяратка келүүчү 2-ыйык жайы (Меке­ден кийин). Биздин заманга чейинки 6-к-дан Ясриб деген ат менен белгилүү. М-га 622-ж. Мекеден ислам динин не-

Медина - мусулмандардын 2-ыйык жайы.Масжидан-Набави мечити.
Picutre 2533

гиздеген Мухаммед көчүп келип, мусулмандар жамаатын түзгөн. 622-32-ж. аралыгында ислам өз алдынча дин болуп, алгачкы мечит курул­ган. 632-56-ж. Араб халифатынын борбору. 10- к-дан Египет династиясынын, 1571-1919-жылы Осмон империясынын сурагында, 1919-24-ж. Хижаз королдугунун, 1932-жылдан Сауд Ара­биясынын курамында. Архитектура эстеликтери ис­ламдын тарыхы менен байланыштуу. М. алгач таш коргон менен курчалып, 4 дарбазасы болсо, кийин­черээк ал 8ге жеткен. Анда Мухаммеддин күмбөзү жана Чоң мечит (Мухаммедцин үйүнүн ордуна тур­гузулуп, бир нече жолу ондолгон; 7-, 8-, 19-кылым), Каср-Азим сепил-ак сарайынын калдыгы (7-кылым), 19-20-к-дын курулуштары, мечиттер (анын ичинде Гама­ма, жер-суу тайып сыйынуучу жерде; Микат) сакталган. Пайгамбардын мечит комплексинин заманбап көрүнүшү тик бурчтуу. Ал бир нече бөлүктөн (аянты 165 миң м2), 10 минареттен (анын ичинде боонун бийиктиги 99 м) жана Куран музейи­нен [жер алдында 2 ярустан туруп, гусул (да­раат) алуучу ж. б. жайлары жайгашкан] турат. 20-к-дын аягы - 21-к-дын башынан шаарды жа­шылдандыруу жана жакшыртуу иштери чоң мас­штабда жүрүүдө. Ири соода борборлору, асфальт жолдор курулду. Университеттер (анын ичинде Ислам, Тайба), король китепканасы, музей комплекси (анын ичинде биз­нес-борбор ж. б.), парк бар. Туризм (жыл са­йын бир млндон ашык адам зыяратка келет) өнүккөн.