МАТИСАК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:09, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАТИСАК Акбай уулу (1877, азыркы Ош обл., Ноокат району, Жар-Коргон айылы - өлгөн жылы белгисиз) - манасчы. М-тын «Манасы» төмөнкүдөй окуялар­дан турат: Манастын балалык чагы, Манастын Көкчө менен урушу жана Каныкейге үйлөнүшү. Ма­насчынын «Манас» эпосунун сюжеттик сызы­гында үйлөнүү салты көрүнүктүү орунду ээлейт. «Манастын Каныкейге үйлөнүшү» эпизоду баа­тырдык үйлөнүү салтынын (биринчи тибинде эпикалык баатырлар мифол. кейипкерлердин кыздарына үйлөнүшсө, экинчи биринде талап­кер баатыр кыздын өзү менен жекеме-жеке карма­шып жеңип үйлөнгөн. Же кайын атасынын та­таал тапшырмаларын аткарып үйлөнгөн) ста­диялык өнүгүшүнүн кийинки тибине тиешелүү эпикалык башкы баатырдын куда түшүү жолу менен калың берип үйлөнүү каада-салтынын көрү­нүшү кыскача чагылдырылган. Жыйноочу К. Мифтаков тарабынан М-тын айтуусу боюнча жа­зылып алынган «Манас» варианты КР УИАнын Кол жазмалар фондусунда сакталып турат.