МАТЕРИАЛИЗМ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
20:10, 1 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАТЕРИАЛЙЗМ (латынча materialis - заттуу, зат­тык) - материянын объективдүүлүгүн, анын биринчи жаралгандыгын, түбөлүктүү, аң-сезимге көз карандысыз жашоосун жана дүйнөнүн суб­станциясы (эң баштапкы негизи) деп таануучу философиялык багыттардын бири. М. идеализм багыты менен каршылаш процессте өнүгөт. Идеялык агым катары М. көп кырдуу: 1) алгачкы чаржайыт мажес М.; 2) архаикалык, негизги таяныч бел­гилери, принциптери болбогон М.; 3) табигый-илимий М. (конкреттүү илимдердин тажрыйбалык көрсөткүчтөрү аркылуу, дүйнө көз карашы ка­тары жалпыланып далилденген, бирок методол. жактан материалисттик окууга толук жооп бер­беген изилдөөлөр); 4) метафиз. М. [жалпысы­нан ага өзгөчө эки багыт туура келет: а) жара­тылышта түбөлүк берилген, өзгөрүп-өнүкпөгөн, туруктуу, чектелген чөйрөдө айланып турган бир бүтүндүк катары кароо; б) чындык боюнча баа­рын камтып, биротоло аяктаган билим систе­масын түзүү аракети]; 5) вульгардык (одоно бур­маланган) М. (адам жашоосунун табигый-жара­тылыш менен байланышын четке кагуу; аң-сезим­дин социалдык-тарыхый табиятын көнүлгө ал­бай, ан-сезим мээнин гана жеке, тике касиети деп түшүндүрүү); 6) антропол. М. (жаратылыш кубулуштарын материалисттик түшүнүү, коом­дук реалияларды материалисттик талкуулоо менен айкалыштырбоо); 7) диалектикалык М. (М. менен диалектиканын принциптерин, анын ичинде коомдук мамилелерди да ырааттуу түшүнуү). М. рационалисттик жана сенсуалисттик агымдар­га да ажыратылат. М. улуттук-географиялык жана хро­нол.. белгилер менен мүнөздөлүп, дайыма ан-се­зимдүү аракетте болушу менен өзгөчөлөнөт. М. - динамикалуу, эволюциялык система. Ал доордук ачы­лыштар, төнкөрүштөр, революциялар менен бирге өзүнүн формасын өзгөртөт. М-дин социалдык булакта­рын билүү үчүн анын жалпы коомдук тарыхый өнүгүүнүн эң керектүү тенденцияларын чагыл­дырууга, илим менен маданияттын азыркы учурдагы жетишкендиктерине ж. б. илимий-техникалык ачылыштар­га таянуу зарыл. Коомдук-тарыхый практика­нын жана таанымдын үзгүлтүксүз прогресси (ил­гери өөрчүсү) азыркы М-дин дайыма өнүтүп жана конкреттешип турушун талап кылат. Бул жал­пысынан илимдин, коомдук-тарыхый практи­канын, тарыхый процесстин, адамзат маданияты­нын жетишкендиктерин ар тараптан аңдап өздөштүрүү, синтездөө жолу менен ишке ашы­рылат.

Ад.: Ланге Ф.А. История материализма и критика его значения в настоящее время: история мате­риализма до Канта. 3-е изд. М., 2009; он же. История материализма и критика его значения в настоящее время: история материализма после Канта. 3-е изд. М., 2010., Т. Эсенгелдиев.