МИХОЭЛС

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
20:09, 1 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МИХОЭЛС (өз фамилиясы - В о в с и) Соло­мон Михайлович [4 (16). 3. 1890, Двинск - 13. 1. 1948, Минск] - еврей совет актёру, режис­сёр, педагог.

СССР эл арт. (1939), проф. (1941).

1919-жылы Петроград еврей театр студиясына кирген. Кийин студиянын базасын­да Москва еврей камера театры (1925-жылдан Моск­ва мамлекеттик еврей театры) тү­зүлүп, адегенде актёр, ре­жиссёр, 1929-жылдан көр­көм жетекчи болгон. М. түз­гөн сахна образдары философиялык тереңдиги, жарандык бийик сезимдүүлүгү менен айырмала­нат. Анын трагедия жаатындагы таланты Ли­нин (Шекспир, «Король Лир», 1935), сүт ташуу­чу Тевьенин (Шолом-Алейхем, «Сүт ташуучу Те­вье», 1938) ролдорунда толук ачылган. М-тин режиссёрдук ишиндеги көрүнүктүү эмгеги - ев­рей музыкалык фольклорунун мотивинде түзүлгөн «Фрейлехс» спектакли (1945; СССР мамлекеттик сыйл., 1946). М. Москва еврей театрынын окуу жайын­да сабак берген. Ленин ордени менен сыйланган.