МИС ВАН ДЕР РОЭ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МИС ВАН ДЕР РОЭ Людвих (27. 3. 1886, Герма­ния, Ахен - 17. 8. 1969, АКШ, Чикаго) - немис архитектору. 1938-жылдан АКШда иштеген. 1930-33-ж. Дессаудагы «Баухауздун», 1938- 58-ж. Иллинойс технол. ин­тунун (Чикаго) архитектура факультети­нин директору болгон. 1926-жылы Берлинде экспрес­сионизм духунда К. Либк­нехт менен Р. Люксембургга эстелик тургузган. Ал - Ил­линойс технол. институтунун

архитектура комплексинин (1942- 58), Фокс-Риверде Фран­суорт үйүнүн (1946-50), Чи­кагодогу Лейк Шор Драйв (1950-51) жана Нью-Йорктогу Сигрем-билдинг (1958) конторасынын, Берлиндеги Улуттук көр­көм сүрөт галереясынын имараттарынын, ту­рак үйлөрдүн автору. 1950-60-жылдары Батыш Европа жана АКШ архитектурасына чоң таасир тий­гизген.