МИРАБДАЗИЗОВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
20:09, 1 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МИРАБДАЗИЗОВ Халил (1914, Пишпек ш. - 1977, Ош) - мамлекеттик ишмер. Социалисттик Эмгектин Баатыры (1957).

Эмгек жолун 1929-жылы Фрун­зе - Токмок т. ж. курулу­шунда жумушчу болуп иштөөдөн баштаган. 1930-

жылдан советтик, комсомолдук жана партиялык кызматтарда иш­теген. 1950-53-ж. Ош рай­комунун, 1954-55-ж. Ош об­комунун, 1955-60-ж. Ош ш-дык, Кара-Суур-ндук партиялык комитететтеринин 1-секретары.

Ал жетекчилик кылган район пахта өстүрүү жана мал чарба азык-түлүгүн алууда жог. көрсөткүч­төргө жетишкен. 1947-55,1959-63-ж. Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты. Ленин, 2 «Ар­дак Белгиси», Кызыл Жылдыз ордендери менен сый­ланган.