МИНОГАЛАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МИНОГАЛАР (Ре/готухопПогтез)— омурт­калуулардын оймок ооздуулар классынын түркүмү (айрым систематика боюнча классы). Дене Узундугу 15-100 см. Жон сүзгүчү 1 же 2. Эки жагында 7ден бакалоор тешиктери бар. Оозу диск сымал соргуч, тегереги тери чачылуу. Көзү жакшы өөрчүгөн. Кан айлануусу туюк, жүрөгү эки ка­мералуу. Тузсуз сууда өтмө М. деңизде жашап, көбөйүү үчүн дарыяга өрдөйт, 200 миңге чейин икра (жумурка) тууп, андан кийин өлөт. Ли­чинкалары Дарыяда 3-4 жыл жашайт. М-дын жалпы жашоо узактыгы 5-6 жыл. Алар ири балыктарга жабышып, алардын каны жана эти менен азыктанат. Эти желет. М-дын 1 тукуму, 7 уруусу 20дан ашык түрү Түндүк Муз океандын алабында жана Түндүк, Түштүк жарым шарлардын мелүүн сууларында таралган. КМШ өлкөлөрүндө 8 түрү, анын ичинде деңиз. миногасы жана дарыя мино­гасы Балтика, Каспий, Баренц, Ак деңиздер­дин алаптарында кездешет. Промыселдик маа­ниге ээ.