МИНКОВСКИЙ МЕЙКИНДИГИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МИНКОВСКИЙ МЕЙКИНДИГИ - физикалык үч өлчөмдүү мейкиндикти жана убакытты бириктир­ген төрт өлчөмдүү мейкиндик. Аны 1908-жылы не­мис математиги жана физиги Г. Минковский су­нуш кылган. М. м-ндеги ар бир чекит атайын салыщтырмалуулук теориясында кандайдыр «кубулушка» дал келет. М. м-ндеги кубулуш­тун абалы төрт координата менен аныкталат. Алардын үчөө хр х2, х3 чыныгы жана кадимки мейкиндиктин үч өлчөмдүү х, у, г координата­ларына дал келет. Төртүнчүсү х^=1с1 - мнимый координата; с - жарык ылдамдыгы, 4 - кубу­луш болуп өткөн убакыт.