МЕТР (өлчөм бирдиги)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МЕТР (фр. mètre, грекче шеЧгоп - өлчөм, ченем) - бирдиктердин эл аралык системасындагы узун­дук жана аралык бирдиги. М. - 299 792 458 уба­кыт аралыгында жарыктын вакуумдагы өт­көн жолуна барабар. Белгилениши - м. 1889-жылы М-дин плантина (90%) жана иридий (10%) ко­шулмаларынан турган эл аралык так эталону жасалып, Севр шаарындагы (Франция) Чен жана салмактын эл аралык бюросунда сакта­лып турат жана дүйнөнүн көп өлкөлөрүнө көчүр­мөсү таратылган. М-дин төмөнкүдөй үлүштүк жана эселик бирдиктери бар: км, дм, см, мм, мкм ж. б.