МЕТЕОРОЛОГИЯЛЫК РАДИОЛОКАЦИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МЕТЕОРОЛОГИЯЛЫК РАДИОЛОКАЦИЯ радио­локатордун жардамы менен булут, жаан-чачын, температура жана аба нымдуулугунун жогорку гра­диенттүү аймактарын, чагылган разряддарынын топтолушун аныктайт. Метеорол. кубулуштар­дын аймагын байкоодо индикатору бар тегерек экрандуу М. р. колдонулат. Изилденип жаткан мейкиндиктеги чагылышкан радиотолкундар бир нече секунд экранда жаркырап көрүнөт. Аба ырайынын зыяндуу кубулуштарын 100 кмрен ашык аралыктан билдирүүдө М. р-нын мааниси зор. Мындан тышкары М. р. авиацияда, а. ч-да кеңири колдонулат.