МЕТЕОРОГРАФ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
20:09, 1 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МЕТЕОРОГРАФ (грекче meteora - атм. кубулуш жана ...граф) - атм-нын температурасын, басымын, нымдуулугун, кээде аба агымдарынын ылдам­дыгы автоматтык түрдө каттап туруучу прибор. Термограф, барограф, гигрограф, анемографтан турган түзүлүш. Өлчөнгөн кубулуштар саат ме­ханизми орнотулган барабандагы тасмага син­хрондуу жазылат. Шар-зонд, аэростат, самолёт, ракетага орнотулат.