МЕТАЛЛОГЕНИЯЛЫК ДООРЛОР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
20:09, 1 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МЕТАЛЛОГЕНИЯЛЫК ДООРЛОР - жер кыр­тышынын геол. өнүгүү этаптарында пайда бол­гон кен байлыктардын таралуу мезгилдери. А р­х е й металлогениялык доорунда өтө метамор­физмделген темирлүү кварциттер, карапалык пегматит кендери пайда болгон. П р о т е р о­з о й металлогениялык доорунда жеспилиттер (метаморфизмделген темир кенташтары), кура­мында уран, алтын кездешкен конгломераттар, жездүү кумдуктар, хром, титан, жез, никель кендери кеңири тараган. Р и ф е й металлоге­ниялык доорунда темир менен сланецтердин ме­таморфоген кендери, жез-никель кенташынан турган сульфиддердин магмалык кендери орун алган. К а л е д о н металлогениялык доорунда темир, титан, хром, платинанын магмалык кен­дери келип чыккан. Алтындын гидротермдүү кендери кездешкен. Г е р ц и н металлогения­лык доору башкалардан кен байлыктардын ар түрдүүлүгү менен айырмаланат. Темир менен жездин скарндары, вольфрам, литий, бериллйй, калай­дын пегматиттери менен грейзендери, жез, корго­шун, молибдендин гидротермдүү кендери, темир, титан, хромдун магмадан пайда болгон кенде­ри учурайт. А л ь п металлогениялык доорун­да полиметаллдар, кымбат баалуу түстүү метал­лдар сыяктуу вулкандык-гидротермдик кендер пайда болгон.