МЕРКУРИЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
20:09, 1 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МЕРКУРИЙ (астрономиялык белгиси)^) - Күн систе­масындагы. Күнгө эң жакын планета. Диаметри 4878 км, массасы 3,3-1023 кгга барабар. Күндөн аралыгы 46 миллион кмден, 70 миллион кмте, ал эми Жерден 82 миллион клден 217 миллион кмте чейин өзгө­рүп турат, орбита тегиздигинин эк­липтикага жан­тайышы 7°. Күнгө жакын болгон­дуктан, жарык бе­тиндеги температура өтө жогору. Эква­тордо чак түштө 415°Сден (периге­лийде) 285°Сге (афелий) чейин өзгөрүп турат. Ат­мосферанын жоктугуна байланыштуу түнкүсүн -175°Сге чейин төмөндөйт. М-дин орт. тыгызды­гы Айдыкынан чоң, Жердики менен бирдей, башкача айтканда 5,45 г/сл43га, Күндү айлануу мезгили 88 сутката, тартуу күчүнүн ылдамдануусу Жердикинен 2,6 эсе кичине, башкача айтканда 372 см/секта барабар. М-дин өз огунун айланасында түз багыт боюнча айланары 1965-жылы радиолокациялык байкоо аркылуу бел-

гилүү болгон. Айлануу мезгили 58,65 суткага. барабар. Көптөгөн кратерлер, жалдар, кырка тоолор жана өрөөндөр бар экендиги белгилүү. Көп­чүлүк кратерлер метеориттердин келип түшү­шүнөн пайда болгон. Эң чоң Калорис кратери­нин диаметри 1300 кмче. Ай менен М-дин беттик катмарларынын жарыкты чагылтуу жөндөм­дүүлүгү жана жылуулук өткөргүчтүгү да бирдей. Атм-сы жокко эсе, бирок анда көмүр кычкыл газынын бар экени спектр жолу менен аныктал­ган. Өтө сейректелген атм-сынын курамында аргон, неон, гелий бар. Күндөн 28°тан көп алыс­табагандыктан, аны жерден байкоо кыйын. Ал кечинде жана таң алдында көрүнөт. М. начар маг­нит талаасына ээ. Бул талаанын чыңалышы Жердикинен аз, Марстыкынан көп.