МЕЗОЗОЙ ЗАМАНЫ (ЭРАТЕМАСЫ)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МЕЗОЗОЙ ЗАМАНЫ (ЭРАТЕМАСЫ), м е з о­з о й (мезо... жана грекче zoe - тиричилик) - стра­тигр. шкаланын палеозой менен кайнозой аралы­гындагы системалардын тобу (эратемасы) жана Жердин геол. тарыхындагы ага туура келген заман. М. з. (э.) мындан 230 миллион жыл мурда башталып, узактыгы 163 миллион жылга созулган. Терминди англ. геолог Ж. Филлипс 1841-жылы кир­гизген. Өз ичинен триас, юра, бор мезгилдери­нен турат (к. таблица).

Мезозой заманынын стратиграфиялык шкаласы (миллион жыл)

Заман (эратема)

Мезгил (система)

Доор

Мезозой 183

Бор 77

Үстүнкү

Астынкы

Юра 63

Үстүнкү

Ортонку

Астынкы

Триас 43

Үстүнкү

Ортонку

Астынңкы

Океан ойдундары (Тынч океандан башка), азыр­кы материктердин алган орду. М. з-нда (э-нда) пайда болгон. Бул заманда ургаалдуу бүктө­лүүлөр, тоо пайда болуу жана магматизм процесс­тери жүргөн. Өсүмдүктөрдөн папоротниктер, жылаңач уруктуулар дүркүрөп өскөн. Жабык уруктуулар пайда боло баштаган. Жаныбарлар­дан сойлоп жүрүүчүлөр өкүм сүргөн. Кийинче­рээк сүт эмүүчүлөр, куштар келип чыккан. Кү­рөң жана таш көмүр, нефть менен газ, темир, бок­сит, таш mys кендери чөкмөгө айланган. Тынч океандын бүктөлүү аймактарындагы интрузия­лар менен алтын, күмүш, жез, коргошун, цинк, калай кендери тыгыз байланышкан.

Ад.: Короновский Н. В., Хаин В. Е., Ясаманов Н.А. Историческая геология. М., 2008.