МЕДЕРОВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
20:09, 1 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МЕДЕРОВ Таир Турарович (5. 3. 1962-жылы туулган, Биш­кек) - скульптор, КРдин илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйл. лауреаты (Бишкек ш. Ачык асман алдындагы эл аралык музейдеги иши үчүн, 2000). Москвадагы М. И. Калинин атындагы көркөм-өнөр жай окуу жайында окуган (1977-81). Т. Садыков атындагы Улуттук сүрөт ака­демиясынын академиги (2005), Сүрөтчүлөр сою­зунун мүчөсү (1992). М. Санкт-Петербургдагы (мурдагы Ленинград) И. Е. Репин атындагы Живо­пись, скульптура жана архитектура институтун (1991), Т. Садыков атындагы Улуттук сүрөт академиясын (1994) бүтүргөн жана ушул эле академияда 1992- жылдан доцент. М. көрүнүктүү мамлекеттик жана иск­во ишмерлерине тургузулган эстеликтердин ав­тору (Бишкекте Н. Исанов, Т. Кулатов, К. Ты­ныстанов, К. Карасаев, Т. Сыдыкбеков, К. Юда­хиндин бюсттары, Караколдо К. Тыныстанов­го, К. Карасаевге, Тагай бийге коюлган эстелик­тер). М. скульптура боюнча эл аралык симпозиум­дардын катышуучусу.