МЕАНДР (геология)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МЕАНДР (Түркиядагы Чоң Мендерес д-нын ба­йыркы грекче аталышы) - дарыя нугунун ийри­буйру чукул имерилиштери. М. суунун негизги агымынын багытына дал келбеген агымдын таа­сиринен, башкача айтканда суу нугунун бөгөлүп калышынан же суунун улам бир жээкке урунуп, аларды оңой жемиришинен пайда болот. Мында суунун үстүнкү агымы жемирилип, ийилген жээкке, ас­тынкысы дөмпөк жээгине багытталат. Нуктун имерилиштери акырындык менен өзүнүн абалын өзгөртүп турат.