МАЧАДО-И-РУИС

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
20:09, 1 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАЧАДО-И-РУИС Мануэль (29. 8. 1874, Севи­лья - 19. 1. 1947, Мадрид) - испан акыны. Ко­ролдук тил академиясынын мүчөсү (1938). Мад­риддеги Эркин агартуу институтунда окуган. Мо­дернизмдин испан адабиятындагы эң көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири. «Жан (1902), «Капричос» (1905), андалус фольклорунун үлгүсүндө жа­зылган «Канте хондо» (1912) ж. б. ыр жый­нактары бар. М.-и-Р-тин обондуу ырлары көбүнчө табият, өмүр жана өлүм, сүйүү өңдүү түбөлүктүү темаларды камтыйт. 1926-33-ж. ага­сы экөө «Хуан де Маньяра» (1927), «Олеандр­лар» (1930) деген ыр түрүндөгү пьесаларды жаз­ган.