МАТЬЁ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
20:09, 1 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАТЬЁ Мирей (22. 7. 1946-жылы туулган, Авиньон) - фр. эстрада ырчысы. Атайын музыкалык билим алган эмес. Композитор, пианист П. Мориадан сабак алган. 1864-жылы шаардык ыр конкурсунда же­ңишке жетип, 1965-жылы телекөр­сөтүүгө ырдап чыккан. 1966-жылы «Олимпия» за­лындагы концер­ти зор ийгиликке ээ

болгон. М-дин стилин калыпта­нышына белгилүү шансон ырчы Ше­валье зор таасир тийгизген. Көптө­гөн чет өлкөлөрдө гастролдо болгон. СССРге (бирин­чи жолу 1967-жылы) жана РФке бир нече жолу келген, 1975-жылы Нью­Йоркто Карнеги-холдо ырдаган. Репертуарын француз композиторлорунун (Ж. М. Жарра, Ф. Лея, М. Легран, П. Мориа ж. б.) ырлары, дүйнөлүк ыр маданиятынын шедеврлери түзөт. 70ке жакын альбому бар. «Журналист» кинофиль­мине тартылган (1967, реж. С. А. Герасимов), Ардактуу Легион ордени менен сыйланган.