МАТЕРИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
20:09, 1 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАТЕРИЯ (латынча materia - зат) - адамдын аң­сезимине жана эркине көз карандысыз жашап тур­ган объективдүү дүйнө, болмуштун (бытиенин) негизи. Болмуштун формалары - жаратылыш, коом, адам, аң-сезим ж. б. Мененын туундулары. Бизди курчап турган дүйнө М-дан турат. М. - объективдүү дүйнөнүн жалпы касиеттерин ча­гылдырган абстракттуу түшүнүк.

Т. Эсенгелдиев.