МАТЕРИАЛДЫК ЧЕКИТ
МАТЕРИАЛДЫК ЧЕКИТ - механикада массага ээ болгон чекит катары каралган объектини белгилөөчү түшүнүк. М. ч-тин мейкиндиктеги абалы геометриялык чекит сыяктуу аныкталгандыктан, механика маселелери бир топ женил чыгарылатынча Иш жүзүндө нерсенин алга умтулуу кыймылында же нерсенин айлануу бөлүгү эске алынбаганда М. ч. деп каралат. Ар кандай механикалык системанын (катуу зат) кыймылында анын массасынын (оордук) борбору жалпы эле системанын массасына барабар болгон М. ч. сыяктуу кыймылдайт.