МИФ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МИФ (грекче mythos - уламыш, баян) - адам коо­мунун көбүнчө эрте баскычында жаралган эл­дик оозеки чыгармачылыктын фантазиялуу туунду­лары. Аларда байыркы заманда жашаган адамдардын турмуш-тиричилик, айлана-чөйрө жөнүндөгү баёо түшүнүктөрү, өздөрүнө түшүнүксүз көрүнүштөрдүн сырын ачууга кылган саамалык аракети чагылдырылат. М. чыгармачылыгында фети­шизм, анимизм, тотемизм, магия сыяктуу абал­кы диний түшүнүктөрдүн мааниси чоң. М-тер ар кандай темада чыгарылган. Алардын кээ би­ринде Ааламдын, кишинин, айбанаттын, өсүм­дүктүн, стихиялуу табият көрүнүштөрүнүн сы­рын ачууга аракет жасалат. Мисалы, байыркы сла­вяндардын чагылган жана добул кудайы Перун, индилердин от кудайы Агни, дүйнөлүк топон суу жөнүндөгү библиялык М. ж. б. Кээ бири адам баласынын чарбалык ишине, ойлоп тапкычтык жөндөмүнө, ачылыштар жасаганына байланыш­туу чыккан: байыркы гректердин түшүм кудайы Дионис, чебер курулушчу жана художник Дедал, египеттиктердин жазма-чиймени ойлоп тапкан

Тото жөнүндөгү М-и ж. б. Тапчыл коомдун пайда болушу менен жаңы М-тер жаралган жана эскиле­ри үстөмдүк кылчу таптын мүдөөсүн көздөөгө ылайыкташтырылган (мисалы, Христос жөнүндөгү М.). Жогоркудай М-тердин кыйласы кыргыз фольклорунда да бар. Кыргыз М-терин негизи­нен үч чоң топко бөлүп караса болот. Б и р и н­ч и т о п к о дүйнөнүн жаралышы жөнүндөгү жана анын ар кандай кубулуштары тууралуу М-тер; экинчи топко жалпы эле жан-жаныбар­дын пайда болушу туурасындагы М-тер; Ү ч ү н­ч ү т о п к о жандуу-жансыз дүйнөнүн колдоо­чулары (ээлери) жөнүндөгү М-тер. Биринчиге Үч Аркар, Жетиген жылдыздарынын пайда болу­шу жөнүндөгү «Үркөрдүн кызы Үлпүлдөк сулуу», «Жети каракчы», «Ак сары ат, көк сары ат», «Тоодой мерген менен Үч Аркар» сыяктуу М-тер мисал. Ал М-тердин мазмуну асманга Жерден адам, жан-жаныбарлардын качып барып, жыл­дызга айланып кеткендиктери жөнүндө. Экинчи топ­ко аюу, түлкү ж. б. айбанаттар жөнүндөгү М-тер кирет. Мисалы, аюу жөнүндөгү М-те аюу башында күч­түү адам болсо да аюуга, түлкү сулуу, бирок аш­кере куу, кербез аял болгон үчүн түлкүгө айла­нып кеткен деп түшүндүрүлөт. Бул топко, ошондой эле «Күкүк менен Зейнеп» жөнүндөгү уламыш да мисал боло алат (к. Кукук менен Зейнеп). Үчүнчү топ­тогу М-тер боюнча тоо-таш, токой, ар кандай ай­банаттын, малдын, кесиптин ар биринин өз­өзүнчө ээси бар. Мисалы, койдун ээси - Чолпон ата, уйдуку - Заңги баба, жылкыныкы - Кам­бар ата, төөнүкү - Ойсул ата, эчкиники - Чычаң ата; кесиптерден: устаныкы - Дөөтү, дыйкан­дыкы - Баба дыйкан ж. б. М-тер өз алдынча да, фольклордук башка чыгармаларга аралаш айтыла берет. —

Ад.: Мифы народов мира. Энциклопедия. 2-е изд. М., 1987-1988. Т. 1-2; Голан А. Миф и символ. М., 1994; Мелетинский Е. М. Поэтика мифа. 4-е изд. М., 2006; Элиаде М. Аспекты мифа. 4-е изд. М., 2010.