МИТОЗ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МИТОЗ (грекче mitos - жипче), к ы й ы р б ө л ү­н ү ү - эукариот клеткалардын негизги бөлүнүү жолу. Бөлүнгөн жаш клеткаларга генетикалык материал­дардын бирдей бөлүштүрүлүшүн жана бир катар клетка муундарында сакталышын камсыз кылат. М-до клеткадагы генетикалык материал эки эсе көбөйөт да, бөлүнүүдөн пайда болгон эки жаш клеткага хромосомалар тең бөлүнөт. М-дун узак­тыгы 1-2 с. Клетка бөлүнүү алдында (интерфа­зада) синтездөө процесстери ургаалдуу жүрүп, клетканын бөлүнүшүнө керек заттар жана энер­гия топтолот. М. бири бирине өткөн бир нече стадияларга - профаза, прометафаза, метафа­за, анафаза жана телофазага бөлүнөт. П р о ф а­з а д а узун, ичке жипче түрүндөгү хромосома­лар жыйналып, спиралдашат, ядрочолор ажы­райт, транскрипциянын активдүүлүгү тө­мөндөйт (профазанын аягында РНКнын синте­зи токтойт) жана бөлүнүү түйдөгү калыптана баш-

Митоз стадиялары.

тайт. Бөлүнүү түйдөгү центриолдун катышуусу менен (жаныбар жана кээ бир жөнөкөй түзүлүштүү өсүмдүк клеткасында)' же аларсыз эле (татаал түзүлүштүү өсүмдүк жана кээ бир жөнөкөйлөрдүн клеткасында) М-дун аппаратын түзүү аркылуу пайда болот. Прометафазада ядро кабыгы бөлүктөргө ажырап, клетканын борбордук бөлүгүн карай хромосомалардын иретсиз

кый­мылы башталат. «Жабык» М-до ядро кабыгы М-дун бүт жүрүшүндө сакталат. Метафаза­д а бөлүнүү түйдөгүнүн калыптанышы аяктайт. Хромосомалардын кыймылы токтойт, алар эк­ватордук эбелекти пайда кылуу менен түйдөктүн ортосунда кырка тизилет. Интерфазага салыш­тырганда, белок синтези 20-30% төмөндөйт. Анафаза­М-дун эң кыска стадиясы. Анда хромосомалар эки топко ажырап, клетканын карама-каршы уюлдарында жайгашат. Т е л о­ф а з а хромосомалардын кыймылы токтогон­дон жаш ядронун түзүлүшүнө чейин созулат. Ядро кабыгы пайда болуп, ядрочолор калыпта­нат. Бул процесстер менен бир мезгилде клетканы тең экиге бөлгөн кабык-тосмо (өсүмдүктө) же мембрана (жаныбарда) да калыптанат. Пайда болгон клеткалар интерфаза абалына өтөт, ошондой эле к. Амитоз, Мейоз.