МИСТЕ
МИСТЕ (Р1з1ас1а) - өсүмдүктөрдүн сумахтар тукумундагы жаңгак данектүүлөр уруусу; жалбырагы күбүлмө дарак жана бадал. Жапайы Мененин Сирия менен Кичи Азияда 20 түрү, Орто Азия жана Азербайжанда 2 түрү - кадимки М. менен тегерек жалбырактуу М. өсөт.

Кадимки М. - көп сөңгөктүү (бийикт. 5-10 м) дарак, айрымдары калың шактуу, жыш тамырлуу бадал. Кыргызстандын түштүгүндө 50 миң гадай жерди ээлейт. Кургакчылыкка жана суукка (-25°С) байымдуу. Жалбырагы татаал, кабыктуу, гүлү кош жыныстуу, чачы сымал; апрелде гүлдөйт. Мөмөсү бир данектүү, кабыгы катуу. Айрымдары 350-400 жыл мөмөлөйт. Данегинде 54-60% май, 18-25% белок жана 16,7% азотсуз зат болот. Данеги желет жана андан кондитер өндүрүшүндө керектелүүчү баалуу май алынат. Чайырынан лак, боёк жасалат. 8-10 жылдык бир түп дарагынан 30-45 кг түшүм алынат. Негизги сорттору: Вахш, Экстра, Гигант ж. б. Тсгерек жалбырактуу М. - бийиктиги 10-20 м дарак, Кичи Азияда, Балкан жарым а-нда, КМШ өлкөлөрүндө - Крым менен Кавказда өсөт. Мөмөсү желбейт, анда 60% май (самын жасоодо пайдаланылат) болот.