МИОГЕОСИНКЛИНАЛЬ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:46, 1 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МИОГЕОСИНКЛИНАЛЬ (мио... жана геосинкли­наль) - геосинклиналдуу системалар орун ал­ган аймактарда узатасынан созулуп жаткан сырткы ийилүүлөр. Платформаларга жанаша жатып, алар пайда болгон фундамент менен бир­ге пайда болот. Негизинен чөкмө тектерден (кө­бүнчө карбонаттардан) турат. Магматизм, ме­таморфизм процесстери начар жүрөт. Ички эвгеосинклиналга караганда алсыз кыймылда болот. Бир аз бүктөлүүлөргө учурайт. Терминди биринчи жолу 1964-жылы немис геологу X. Штиле сунуш кылган.