МИҢ-ӨРҮК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МИҢ-ӨРҮК - Жалал-Абад облусу Сузак р-нун­дагы кыштак. Барпы атындагы айыл аймагына ка­раштуу. Деңиз деңгээлинен 800 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Сузак кыш-нан 18 км чыгыш тарапта. Жалал-Абад т. ж. бекетинен 8 км. Кал­кы 1000 (2009); негизинен дыйкан чарбаларын­да эмгектенет. Орто мектеп, китепкана бар. Кыштак өрүкзарлуу жерде жайгашкандыктан, М.-Ө. деп аталып калган.