МИҢ БАШ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МИҢ БАШ (Уассаг1а) - өсүмдүктөрдүн чеге гүл­дүүлөр тукумундагы уруусу. Бир түрү - айдоо М. б-ы - өтө зыяндуу отоо чөп. Сабагы (бийиктиги 30-70 см) тик өсөт, уч жагы жыш бутактуу. Жалбырагы (Узундугу 4-9 см, туурасы 0,5-4 см) жө­нөкөй, сүйрү, сабаксыз, тушташ жайгашат. Күлгүн кызгылт калкан сымал топ гүлү сабагы менен бутагынын учунда өсөт. Мөмөсү - көп урук­туу тоголок кутуча. Бир өсүмдүктө 400-500 урук болот. Уругу эгилме өсүмдүктөрдүн даны менен тең бышат. Жаздык эгин айдалган жерге көп өсөт. Зыгыр менен таруунун данына түшсө, кыйынчы­лык менен тазаланат. М. б. Европа, Азия, Аме­рика, Жаңы Зеландия, Австралияда көп та­ралган. КМШ өлкөлөрүндө Борбордук Азияда (анын ичинде Кыргызстанда) ж. б. жерлерде өсөт. Уругу уулуу (ку­рамында сапонин бар). Унга кошулуп кетсе, нан ачуу, көгүш тартып калат. Каршы күрөшүү ча­ралары: эгиндин, зыгырдын үрөнүн М. б. уругу­нан тазалоо, М. б-тын кыштап калган өнүмдөрүн жаз алды менен жок кылуу ж. б.