МИНСК
МИНСК - Беларуссия Респ-нын борбору (1919- жылдан). Баатыр-шаар. Минск облусу администрациялык борбору. Минск дөңсөөсүнүн түштүк-чыгышында, Свислочь д-нын (Днепр д-нын алабы) боюнда жайгашкан. Калкы 1,8 миллион (2011). Жолдор тоому. Т. ж. түйүнү. Метрополитен (1984-жылдан) иштейт. 1067-жылдан Меньск деген ат менен белгилүү. М. 12-к-да Минск княздыгынын борбору
болгон. 14-к-дан Улуу Литва княздыгынын, 1793-жылдан Россия империясынын курамына кирген. БССР түзүлгөндөн (1919, 1-январь) М. - респ-нын, 1991-жылдан көз карандысыз Беларуссия Респ-нын борбору. Машина куруу, металл иштетүү («БелавтоМАЗ», «МТЗ» трактор заводу, станок жана автоматика линиялары, подшипник, приборлор, сааттар, ЭВМ, телевизор, радиокабылдагычтар, тиричилик муздаткычтары), женил, тамак-аш-татымал, химиялык-фармацевтика, химиялык жана курулуш материалдар ө. ж. ишканалары, полиграфиялык комбинаты иштейт. Дүйнөлүк стандарттагы эмеректер даярдалат. М. - Беларуссиянын маданий жана илимий очогу. Беларуссия ИА, 13 ЖОЖ (анын ичинде университет), консерватория, 12 музей (анын ичинде Улуу Ата Мекендин согуш тарыхы, байыркы беларус искусствосу ж. б.), 7 театр (анын ичинде опера жана балет), филармония бар. М. ш-на 1920-30-ж. реконструкция жүргүзүлгөн. Улуу Ата Мекендик согушта шаардын 80% и кыйроого учураган. 1950-жылы толугу менен калыбына келтирилген. Барокко стилиндеги монастырь (17-кылым), Петропавловск (Екатеринбург) чиркөөсү (1622) сакталган. М-ден батышта Европадагы эң ири корук Беловежа чер токою (мурда падышалар аңчылык кылышса, учурда улуттук парк) жайгашкан. Анда мамлекет тарабынан коргоого алынган жаныбарлар (анын ичинде зубрлар) асыралат. Туризм өнүккөн.
