МИНОР
МИНОР ( латынча minor - кичине) - обон-күүлөрдүн лирикалык, кайгылуу, мундуу, басыңкы мүнөздө берилиши. М-дун туруктуу добуштары (1,3, 5 баскыч) кичине үч үндүүлүккө негизделген. Музыкадагы эстетикалык каражаттардын бири. М-дун үч негизги - накта (табигый), гармониялык, мелодиялык түрлөрү бар. М. м а т е м ат и к а д а - берилген матрицанын же аныктагычтын кандайдыр бир к мамычасы менен к сабынын кесилишиндеги элементтерден түзүлгөн аныктагыч. Эгер белгиленген саптын номери менен белгиленген мамычанын номери дал келсе, анда М. башкы М., ал эми биринчи к мамычасы белгиленсе, анда бурчтук М. деп аталат. Матрицанын максимум тартиптеги каалаган нөлдүк эмес М-у базистик М. деп аталат.