МИННЕАПОЛИС

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:46, 1 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МИННЕАПОЛИС - АКШнын түндүгүндөгү шаар. Дүйнөдөгү эң ири дан биржасы. Миссисипи д-нын боюнда жайгашкан порт (жылына 12 миллион гжүк ташылат). Миннесота штатында. Калкы 386,8 миң (2010, Сент-Пол ш. жана шаар айлана­сы менен 3,3 миллион). Эл аралык аэропорту бар. Ми­чиган көлү жана Аскалуу тоолордун аралыгын­дагы а. ч. аймагынын башкы транспорт, соода очогу. Машина куруунун (ө. ж., электр-техникалык жаб­дууларын чыгаруучу) ири борбору. Радио-элек­троника, прибор куруу, нефть ажыратуу, химиялык,

кагаз, полиграфиялык, тамак-аш-татымал ө. ж. ишка­налары иштейт. Миннесота университетинин башкы кампусу бар.