МИЛЯНФАН
МИЛЯНФАН — Чүй облусу Ысык-Ата р-нундагы кыштак. Милянфан айыл аймагына караштуу. Деңиз деңгээлинен 660 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору жана т. ж. бекети Кант ш-нан 17 км түндүк тарапта. Кыштак 1926-жылы негизделген. Калкы 4477 (2009); негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, кесиптик-техникалык окуу жайы, маданият үйү, оорукана, дарыкана, турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү бар. Кыштакта Советтик Союз. Баатыры М. Ванахунга эстедик тургузулган.