МИГРАЦИЯ (биология)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МИГРАЦИЯ биологияда, к. Жаныбарлар миграциясы.

мйдия - Иран тайпак тоолорунун түндүк-батыш тарабындагы тарыхый аймак. М-лыктар жөнүндө алгачкы маалыматтар биздин заманга чейинки 9-к-дын 2-жары­мындагы ассириялык жыл баяндарда эскери­лет. Ассириялык даректер боюнча Биздин заманга чейинки 7-к-дын 70-жылдарында М. падышалыгы (борбору Экба­тан болгон) пайда болуп, биздин заманга чейинки 625/624-584-ж. ченде улуу державага айланган. Киаксар пады­шанын (биздин заманга чейинки 625/624-584-ж. башкарган) уба­гында абдан өнүккөн. Биздин заманга чейинки 550-549-ж. Ахе­мениддер бийлигине караган. Биздин заманга чейинки 4-к-дын акыркы чейрегинде Мененын бир бөлүгү - Түштүк Азербайжан (же Кичи М., М. Атропатенасы, Атропатена) өз алдынча турган. Мененын айма­гында зороастризм кеңири тараган. Окумуш­туулардын пикири боюнча биздин замандын 4-к-нда Кичи М-да (Антропатенада) «Авеста» жазылган. М-лыктардын айрым бөлүктөрү Антропатена­нын автохтондуу уруулары менен аралашып, азер­байжандардын этногенезинде негизги ролду ой­ношкон.