МИАСТЕНИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МИАСТЕНИЯ (грекче mys - булчуң жана астения) - нерв булчуңунун оорусу. Туура ала булчуң на­чарлап, тез чарчап ооруйт. М. болгон адамдын көз жапкагынын булчуңу жабыркап, жапкак төмөн түшүп турат (птоз), ошондой эле чайноо булчуң­дары жабыркаганда, жутуу начарлайт, оорулуу­нун басыгы өзгөрөт. Дарылоодо ар кандай Да­рылар, витаминдер (өзгөчө В тобундагы) бери­лип, жалпы организмди чыңдоочу процедура­лар жүргүзүлөт.