МЕХАНИКАЛАШТЫРУУ
МЕХАНИКАЛАШТЫРУУ — кол менен иштетилүүчү эмгек каражаттарын машина, механизм жана аппараттар менен алмаштыруу. Мененун негизги максаты - эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу жана адамды оор жумуштан бошотуу. Мененун техникалык каражаттарына кыймылдаткычы (электр, буу, гидравликалык ж. б.), берилген операцияны ишке ашыруучу атайын түзүлүшү (жүк көтөрүпташуучу, желдетүүчү, муздатуучу ж. б. орнотмолор) бар машина жана механизмдер кирет. М. 18-к-да башталып, 19-к-дан машина, механизм жана аппараттарды кенири колдонуу менен жумуштун жеңилдеши эмгек өндүрүмдүүлүгүнүн жана өндүрүш масштабынын тез өнүгүшүнө алып келген. Мененун деңгээли жана натыйжалуулугу эмгекти М. коэфф-тине, өндүрүштүн машина, энергия менен жабдылышына жараша аныкталат. Ө. ж., а. ч., курулуш жана транспорттогу өндүрүш процесстерин комплекстүү М. жана автоматташтыруу үчүн машиналар системасы, энергетиканы М-да ири электр станциялары курулуп, бирдиктүү энергия системалары түзүлүүдө. Шахтада жогорку өндүрүмдүү комбайндар иштөөдө. Газ, нефть сордуруу ө. ж-нда жогорку өндүрүмдүү каражаттар (бургулоочу жабдуулар) пайдаланылууда. Металлургияда оор жумуштарды М. домналарды, чоюн эритүүчү жана прокат цехтерин М-га багытталган. Жалпы алганда, тоо-кен ө. ж-нда, газ жана нефть алуу өндүрүшүндө, металлургияда, машина курууда, жүк көтөрүпташуу жумуштарында, курулушта, транспортто, токой чарба, жеңил жана тамак ө. ж. өндүрүшүндө, тиричилик, тейлөө чөйрөсүндө, а. ч-да М. эң кубаттуу өндүрүштү түзүүгө алып келет. Техникалык прогресстин негизги багыттары энергияны башка түргө түздөн-түз айландыруу, айланачөйрөнү коргоо иштерин жүргүзүү менен М. иштерин өркүндөтүүнү көздөйт.