МЕТРИКАЛЫК ЫР ТҮЗҮЛҮШҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:46, 1 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МЕТРИКАЛЫК ЫР ТҮЗҮЛҮШҮ - ыр сабында­гы кыска жана узун муундардын бирдей санда ырааттуу кайталанышына негизделген ыр түзү­лүшү. Негизги муунак же муун топтору: ямб, хорей, трибрахий, спондей, дактиль. Бул ыр түзүлүшү эзелки (антикалык) доордо поэзия менен музыка али толук ажырымдала элек мез­гилде пайда болуп, көбүнчө узун жана кыска муундар маани ажыратүучу касиетке ээ болгон тилдерде (мисалы, араб тили ж. б.) тараган. М. ы. т-нө антикалык ыр түзүлүшү жана Чыгыш элде­риндеги аруз ыр системасы кирет.